Студент жана илимий-техникалык прогресс аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция
10:26
27-01-2026
64
2025-жылдын 29-ноябрында “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференциясынын “IT: өнүгүү тенденциялары жана аларды колдонуу сфералары” секциясынын жыйыны ийгиликтүү өттү.
Секциянын модератору — ИСП кафедрасынын башчысы,доцент А.М. Токторбаев жана
Катчы — окутуучу А.А. Капарова
Бул секцияда заманбап IT-инфраструктура, программалык камсыздоонун өнүгүү векторлору, веб-технологиялар, маалыматтык коопсуздук, жасалма интеллектти практикалык колдонуу, санариптик аналитика жана IT-чөйрөнүн жаңы тенденциялары боюнча 30га жакын студент өз баяндамаларын сунушташты.
Жыйынтык жана чечим:
Баяндамачыларды угуп жана талкуулап, секция төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1-орун — Мирлан уулу Калыбек
2-орун — Абдрашитов Чынгыз
3-орун — Сабырова Айтгүл
Бардык катышуучуларга активдүүлүгү жана изилдөөчүлүк мамилеси үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
IT-технологиялардын өнүгүүсү — келечектеги инновациялардын негизи.
Секциянын ишине колдоо көрсөткөн комиссия мүчөлөрүнө жана студенттерге терең ыраазычылык!
Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтер жана жаңы долбоорлор болсун!