Новости

«Маданияттар аралык коммуникацияга киришүү»

27.01.2026. ОшМУнун ФжМАК институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен 1-курстун студенттери үчүн ОшМУнун бүтүрүүчүсү — эл аралык мамилелер боюнча адис, эл аралык долбоорлорду башкарууда 25 жылдык тажрыйбасы бар эксперт жана Борбордук Азияда натыйжалуу кросс-маданий командаларды түзүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров тарабынан «Маданияттар аралык коммуникацияга киришүү» темасында конок лекция өткөрүлдү. Конок лекциянын жүрүшүндө студенттер маданияттар аралык баарлашуунун маңызы, анын негизги жолдору, ошондой эле маданияттар аралык компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн башкы багыттары тууралуу кеңири маалымат алышты.
35 09:05 28-01-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|