Окутуунун технологиялары аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү курсу
09:07
28-01-2026
36
2026-жылдын январь айында Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында 72 сааттык “Окутуунун технологиялары аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү” аттуу атайын курс уюштурулду.
Бул курстун башкы максаты — заманбап билим берүүдөгү инновациялык технологияларды колдонуу менен студенттердин аналитикалык жана сынчыл көз карашын калыптандыруу усулдарын жайылтуу болуп саналат.
Курстун алдыңкы тренерлери:
Мапаева Н. — Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору
Жумаев Н. — Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун улук окутуучусу;
Маматова А. — Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун улук окутуучусу;