ОшМУда ЖОЖду башкаруунун заманбап усулдары окутулууда
09:21
28-01-2026
25
2026-жылдын 19-январынан 20-февралына чейин Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан "ЖОЖдорду башкаруунун заманбап методдору" багыты боюнча 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүүдө.
Курстун алкагында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы билим берүүдөгү менеджменттин негиздерин жана заманбап башкаруу технологияларын тереңдетип үйрөнүшүүдө.
Биздин тажрыйбалуу тренерлер: М. Алтыбаева – п.и.к., доцент (программанын жетекчиси); А.О. Келдибекова – п.и.д., профессор; Э.Э. Саматова – э.и.к., доцент; Э.Т. Авазова – улук окутуучу.
Бул курс университеттин башкаруу потенциалын чыңдоого жана билим берүүнүн сапатын заманбап талаптарга ылайык жогорулатууга багытталган.