ОшМУ менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосундагы тажрыйба алмашуу
09:34
28-01-2026
23
Ош мамлекеттик университети эл аралык билим берүү мейкиндигинде өз ордун бекемдөөнү улантууда. 2025-жылдын 25-декабрынан 2026-жылдын 25-январына чейин ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан коңшу Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн атайын курс өткөрүлдү.
Курстун темасы: "Билим берүүдөгү жаңы тенденциялар: компетенттүүлүктү өнүктүрүүчү технологиялар". 144 саат.
Бул окутуу программасы эки университеттин ортосундагы достук мамилени бекемдеп, окутуунун заманбап усулдарын жана инновациялык технологияларын биргеликте өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түздү. Кесиптештердин тажрыйба алмашуусу — билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эң натыйжалуу жолу!