News

Окутуунун сапаты жана методикалык бөлүмдө отурумдар өттү

2026-жылдын 27-январында Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган ОшМУнун ПО курамынын ОМК документациясынын 2025-26-окуу жылына даярдыгына мониторинг жургузуу боюнча комиссиянын отуруму болут өттү. Отурумда мониторингдин анализдери талкууланып, жыйынтыктар каралды. Отурумду бөлүмдүн башчысы М.М.Былыкова жетектеди. Ошондой эле окуу жана окуу-усулдук басылмаларды ОшМУнун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо боюнча редколлегиянын кезектеги отуруму болду. Бул отурумду Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Розыкова М.М. алып барды. Сунушталган басылмалар кызуу талкууланып, редколлегиянын мүчөлөрү тарабынан добуш берүү менен тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 28-январь күнү Ош мамлекеттик университетинин окуу-методикалык кеңешинин январь айындагы отуруму өттү. Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Профессордук-окутуучулук курамдын 2024-2025-окуу жылынын рейтингинин жыйынтыгы боюнча мониторинг (М.М. Былыкова. 10 мүнөт) 2. ПО курамдын окуткан дисциплиналарынын ОМКларын электрондоштуруу максатында МООС платформасында маалымат базасын түзүү (М.М. Розыкова, 10 мүнөт) 3. ПО курамдын квалификацияны жогорулатуусу боюнча маалымат (ОМК мүчөлөрү) жана ТОТ программанын негизинде методикалык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү (М.Т.Нурмаматова 10 мүнөт) 4. Окуу жана окуу-усулдук басылмаларды ОшМУнун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо (Розыкова М.М., 10 мүнөт) Ар түрдүү маселелер: 1. ОшМУнун түзүмдөрүндө кышкы сессиянын жүрүшүнө мониторингге катышкан окутуучуларга ыраазычылык билдирүү 2. ОшМУнун түзүмдөрүндө февраль айында факультеттик, институттук жана колледждик деңгээлде өткөрүлө турган конкурстардын графигин түзүү.
18 11:39 28-01-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|