News

Иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана студенттердин катышуусунда чоң форматтагы жолугушуу иш чарасы уюштурулду.

Бүгүн 2026-жыл 22-январь күнү ОшМУнун медициналык колледжинде Иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана студенттердин катышуусунда чоң форматтагы жолугушуу иш чарасы уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — окуу процессин өндүрүш менен тыгыз байланыштыруу, студенттердин практикалык базаларын кеңейтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө колледждин директору, доцент З.С. Арынов студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана алардын кесиптик өсүүсүнө ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Окуу программаларын өркүндөтүү жана тараптардын пикирин талдоо максатында катышуучулар арасында атайын анкетирлөө жүргүзүлдү. Иш-чаранын соңунда окуу жай менен тыгыз кызматташкан өнөктөштөргө, активдүү ата-энелерге жана алдыңкы студенттерге сыйлыктар тапшырылып, ыраазычылык билдирилди.
2 08:34 29-01-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|