Жанылыктар

03.02.2026 ОшМУ Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун мэрияга сунуштады.

03.02.2026 ОшМУ Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун мэрияга сунуштады. МФТИТ институтунун окутуучулары студенттер менен биргеликте иштеп чыккан «Санарип Ош» долбоору тааныштырылды. Институттун директору Бектур Азимовдун айтымында, долбоор шаарды санариптештирүү үчүн алты негизги багытты камтыйт. Алар: «Смарт Транспорт Ош»; «Санарип Ош базар»; «Акылдуу жол чырак»; 112 санариптик системасы; Бейтеп үчүн мобилдик тиркеме; Бирдиктүү шаардык карта. Азимов долбоор ишке ашса, университет узак мөөнөттүү жоопкерчиликти алып, иштердин сапаттуу аткарылышына кепилдик берерине токтолду. Жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова жана тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ректор ОшМУнун шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы тууралуу маалымат берип, мындан ары да ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Толугураак бул жерден...
172 09:18 04-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|