“Университет жана иш берүүчү”
04.02.2026
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда “Университет жана иш берүүчү” темасында иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага ар түрдүү: банктардан, курулуш тармактарынан, электр энергия тармактарынан, өндүрүш ишканаларынан, ошондой эле мектептерден жана билим берүү мекемелеринен жетекчилер катышты. Мындан тышкары Ноокат, Араван, Кара-Суу райондорунан жана Өзбекстандан келген иш берүүчүлөр да болду.
Катышуучулар заман талабына жооп берген кадрларды даярдоо боюнча баалуу сунуштарын айтып, активдүү талкуу жана суроо-жооп форматында пикир алышты.
Заман талабына ылайык кадр даярдоо — ОшМУнун негизги милдеттеринин бири.
Бул багытта сырткы иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлери өзгөчө мааниге ээ.
Мындай жолугушуулар университет менен эмгек рыногунун ортосундагы кызматташууну чыңдап, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына шарт түзөт.