2025-жылдын 3-ноябрь күнү «Ишкердиктин негиздери» дисциплинасын өздөштүрүүнүн алкагында Финансы-юридикалык колледжинин «Финансы жана банк иши» бөлүмүнүн банк иши адистиктеринин студенттери ОшМУнун Бизнес-паркына барып, Бизнес-парктын директору, доцент, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Токтоназарович Камалов агайдын лекциясына катышышты. Лекциянын жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр менен таанышышты:
• стартап-экосистема — заманбап коворкинг-зоналардын жана стартап аянтчаларынын уюштурулушу, иштөө принциптери;
• долбоорлорду каржылоо механизмдери — университеттин базасында өз бизнес-демилгелерин колдоо, коштоо жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалыматтарды алышты.
Мындай сабактар студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандырат жана заманбап рыноктук ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Лекция ФБИнин Муратова Ч.К., Карабаева Т.Ж., Сооронбек кызы Т., окутуучулары тарабынан уюштурулду.