Жанылыктар

IRCAPS борбору жана SATREPS долбоору JICAнын юбилейлик иш-чарасында тааныштырылды

30-январда Бишкек шаарында JICA жана кыргыз-япон адамдык потенциалды өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган юбилейлик иш-чара болуп өттү. Иш-чара Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгына жана борбордун 30 жылдыгына арналды. Иш-чаранын алкагында SATREPS эл аралык илимий долбоору Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы илимий кызматташтыктын маанилүү мисалдарынын бири катары белгиленди. Долбоор Ош мамлекеттик университети менен Токио илим институту тарабынан биргелешип ишке ашырылып, атмосфералык абанын булгануусун илимий негизде баалоо системасын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун негизги жыйынтыгы катары Ош мамлекеттик университетинин базасында Аба булгануусун изилдөө боюнча ведомстволор аралык илимий-изилдөө борбору — IRCAPS түзүлдү. Бул борбор экология, коомдук саламаттык сактоо жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы илимий изилдөөлөрдү бириктирет.
212 05:31 05-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 >|