Жанылыктар

Ош шаарындагы № 16 Кесиптик лицейинде Конок сабагы

2026 жылы 14 январь күнү, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү циклынын окутуучулары камдагы полковник Абдибаитов М.Т., камдагы майор Жоробаев Б.Ш., жана камдагы майор Бакиров К.Ш., Кыргыз Республикасынын агартуу министрилигине караштуу Ош шаарындагы № 16 Кесиптик лицейинде Конок сабагын ”5,45 мм АК-74 Калашников автоматынын толук эмес чачуу жана чогултуу” аталган темада өткөрүлдү. Төмөнкү аталган темалар боюнча сабактар өткөрүлдү: камдагы полковник Абдибаитов М.Т., 5,45 мм АК-74 Калашников автоматынын түзүлүшүн айтып, көрсөтүп берди, камдагы майор Жоробаев Б.Ш. Ок атуу даярдоо боюнча № 7,8 ченемдин негизинде 5,45 мм АК-74 Калашников автоматынын толук эмес чачуу жана чогултуу, ыкмасын айтып, көрсөтүп берди, камдагы майор Бакиров К.Ш. “Ок атуучу куралдардын жана кол гранаталарынын материалдык бөлүктөрү” айтып, көрсөтүп берди.
84 09:30 05-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|