Haber

19–20-январь 2026-жылы Ош мамлекеттик университетинин Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун (ДКжУМБББ) стоматология адистиктеринин 1–2-курс ординаторлору үчүн кышкы сынак өткөрүлдү.

Сынак клиникалык насаатчылардын жана борбордун клиникалык жетекчилеринин катышуусунда жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлдү. Кышкы сынак төмөнкү адистик багыттарды камтыды: Жалпы стоматологиялык практика,Терапиялык стоматология,Хирургиялык стоматология,Ортопедиялык стоматология,Бет-жаак хирургиясы. Сынактын жүрүшүндө ординаторлордун теориялык билими, клиникалык ой жүгүртүүсү, диагностикалык ыкмаларды колдонуу жөндөмү, ошондой эле бейтап менен иштөө маданияты жана практикалык көндүмдөрү комплекстүү түрдө бааланды. Ар бир адистик боюнча суроолор клиникалык учурларга негизделип, заманбап стандарттарга ылайык түзүлдү. Клиникалык насаатчылар ординаторлордун практикалык иш-аракеттерине өзгөчө көңүл буруп, ар бир тапшырма боюнча методикалык сунуштарды жана кесиптик кеңештерди беришти. Бул өз кезегинде студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, клиникалык ой жүгүртүүсүн тереңдетүүгө жана келечектеги дарыгер катары калыптанышына өбөлгө түздү. Жыйынтыгында кышкы сынак ачык-айкын, калыс жана уюшкандыкта өткөрүлүп, ординаторлордун даярдык деңгээлин аныктоодо жана билим сапатын жогорулатууда маанилүү роль аткарды
160 03:47 06-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|