Жанылыктар

​“Илим жоопкерчилик катары”: ЭАББПКде илимий өнүгүүдөгү жаштардын ролу талкууланды

Бүгүн ОшМУнин ЭАББПКде 6-февраль күнү, АЯС-9-1-25 тайпасында “Илим” күнүнө карата ИПК нын Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү циклынын окутуучулары камдагы полковник Абдибаитов М.Т., камдагы майор Бакиров К.Ш., камдагы майор Жоробаев Б.Ш. жана чакырылган коноктор Ош МУ ЭАББПКнин директору Маматжан уулу М., Акимжан кызы М., ЭАББПКнин илимий жетекчиси( жооптусу), Алмаз улуу А., окутуучу, ОшМУ ФЮКтан “Табият тануу ПЦКсынан айыл чарба илимдеринин кандидаты Беккулов М.И., “Илим”ге байланыштуу иш чара төмөнкү Темасында өткөрүлдү: “Илим жоопкерчилик катары” Коомдун илимий өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу. Илим бир гана ачылыштар жөнүндө эмес, адамзаттын келечеги, экология, технология жана социалдык адилеттүүлүк үчүн жоопкерчилик жөнүндө да. Тарбиялык басым: жарандык позициясы, кесипти аң-сезимдүү тандоо. Жогорку аталган темада төмөнкүлөр билдирме жасашты: - ОшМУ ФЮКтан “Табият тануу ПЦКсынан айыл чарба илимдеринин кандидаты Беккулов М.И., «Илим коомго жана мамлекетке кызмат катары; - ОшМУ ЭАББПКнин директору Маматжан уулу М., “Жасалма интеллект, социалдык медиа, жалган маалымат, санариптик көз карандылык”; -ИПК нын Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү циклынын окутуучулары камдагы полковник Абдибаитов М.Т., “Илим жоопкерчилик катары” Коомдун илимий өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу. - Акимжан кызы М., ЭАББПКнин илимий жетекчиси( жооптусу), “Илимдеги аялдар: салым жана таануу” -камдагы майор Жоробаев Б.Ш., “ Илим жана жаштар”.
156 06:31 06-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|