ОшМУга 2019-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек (ОСМКБнын протоколу жок) жаңы окутуучулардын ачык сабактарын кароо башталды
09:48
06-02-2026
120
2019–2025-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетине кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек (ОСМКБнын протоколу жок) окутуучулардын ачык сабактарын кароо иши башталды.
2026-жылдын 2–6-февраль күндөрү Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун 11 окутуучусунун сабактарына ОСМКБнын башкы адиси М. Розыкова жана методисти М. Нурмаматова катышышты.
Бул иш-чара Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, окутуучулардын методикалык даярдыгын баалоо жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.