03.02.2026. СГД кафедрасында заманбап технологияны, жаңы педагогикалык табылгаларды окутуучуларга жайылтуу максатында чакан методикалык семинарлар өтүп турат. Бул жолу кафедра башчы, доц. С.М. Амиралиев жана улук окутуучу А.Б. Маматова кесиптештерине “Аркан тартыш”, “Электрондук карточка” аттуу заманбап технологияларды сабактын өтүлгөн темасын бышыктоодо колдонулушун көрсөтүп беришти. Катышуучулар аталган ыкмалар студенттердин өздөштүргөн билимин текшерүүдө жана экзамендик сынактарды өткөрүүдө эффективдүү экендигин белгилешти. Эскерте кетсек, “Аркан тартыш” оюну учурда жогорку окуу жайлар арасында популярдуу болууда.