«Лингвоконцептологиянын айрым маселелери» аттуу китеп жарык көрдү
08:21
07-02-2026
91
«Лингвоконцептологиянын айрым маселелери» аттуу китеп жарык көрдү
2025-жылы Бишкек шаарында «Лингвоконцептологиянын айрым маселелери» аттуу илимий китеп жарык көрдү.
Китептин авторлору: К.З. Зулпукаров, М.А. Атакулова, Х.Т. Абдурахманова, Ж.К. Айтибаева, А.К. Жолдошева, С.К. Пазилова.
Эмгек лингвоконцептология тармагындагы актуалдуу маселелерди камтып, тил менен маданияттын өз ара байланышын илимий негизде талдоого арналган.
Аталган эмгекте концепт түшүнүгүнүн теориялык маселелери, тилдик бирдиктер аркылуу улуттук дүйнөтаанымдын чагылдырылышы кеңири каралган.