Новости

STEM инновациялык колледжинде Англис тилинин жумалыгы.

STEM инновациялык колледжинде Англис тилинин жумалыгы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты — студенттердин англис тили боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана чыгармачылык активдүүлүгүн арттыруу. Иш-чаралардын программасы: Дүйшөмбү — Англис тили боюнча оюндар, флешмобдор жана сөз байлыгын өнүктүрүү иш-чаралары. Флешмобдун убактысы: 11:10. Өткөрүлүүчү жай: колледждин короосу. Шейшемби — Сүйлөшүү клубу: «Өспүрүмдөрдүн жашоосу: чынчыл маек». Убактысы: 11:40. Кабинет: 107. Шаршемби — Викторина күнү: «Дүйнө борборлору» (Kahoot). Убактысы: 11:40. Кабинет: 408. Бейшемби — Маданият күнү: ырлар жана мини-презентациялар. Жума — Жыйынтыктоо күнү. Өткөрүлүүчү күндөрү: 9–15-февраль. Өткөрүлүүчү жай: STEM инновациялык колледжи. Бардык студенттерди активдүү катышууга чакырабыз. English Week was organized by the following English teachers : Abdisatarova S Atchabarova G Nazarova G Zhaanbaeva A Altynbek k. A They supported the students and created a friendly and positive atmosphere throughout the Week.
87 10:31 07-02-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|