News

Коопсуз миграция

2026-жылдын 2-февралында Миграциялык Ресурстук борбор өнөктөш уюму менен биргеликте "Коопсуз миграция" темасына арналган маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана кураторлору катышып коопсуз миграция боюнча кенен маалымат ала алышты! Иш-чарага студенттерди директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С.Каримбаев, Кыргыз тилинин дисциплинасынын окутуучусу Муратова Бегайым Адинаевна, Дене тарбия дисциплинасынын окутуучусу Муратов Искандер Акматович жана Замирбек уулу Азат агайлар коштоп барышты!
100 15:46 07-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|