Калктын ден соолугун сактоонун социалдык-психологиялык технологиялары: эл аралык илимий дискуссия
06:04
09-02-2026
79
2026-жылдын 4-февралында эл аралык илимий дискуссиянын алкагында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын профессору, философия илимдеринин доктору, башкы илимий кызматкер, Кыргызстандын «Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр» коомдук фондунун жетекчиси Эшиев Асылбек Кайимович «Калктын ден соолугун сактоонун социалдык-психологиялык технологияларынын актуалдуулугу жөнүндө» деген темада доклад жасады.
Эл аралык илимий кызматташтыктын алкагында көтөрүлгөн маселелер Россия Федерациясынын В.И. Вернадский атындагы Крым федералдык университетинин Армянск шаарындагы (филиал) Педагогикалык билим берүү жана менеджмент институтунун билим алуучулары тарабынан угулуп, практикалык ишмердүүлүктө актуалдаштырылды. Бул өз ара тажрыйба алмашуу илимий идеяларды практика менен айкалыштырууга өбөлгө түздү.