Түркияда билим алуу: Бүтүрүүчүдөн пайдалуу кеңештер
11:02
09-02-2026
77
Бүгүн, 9-февраль күнү Журналистика адистигинин бүтүрүүчүсү жана учурда Түркия мамлекетинде магистрант Камалдинова Арууке студенттер менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты — студенттерге чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү. Арууке Түркиянын эң популярдуу Türkiye Bursları стипендиялык программасы, документ тапшыруунун жол-жоболору жана ал жактагы окуу системасы тууралуу кеңири айтып берди.
Бул жолугушуу келечектеги журналисттер үчүн эл аралык деңгээлде билим алууга шыктандыруучу аянтча болду.