10.02.2026-ж. Финансы-юридикалык колледжинде ИПКнын «Коомдук илимдер жана АЧД» циклынын окутуучулары тарабынан «Убакыт кербени: дүйнө тарыхына саякат» аттуу командалык интеллектуалдык мелдеш жана аналитикалык дискуссия уюштурулуп, өткөрүлдү.
Аталган иш-чара тарых предмети боюнча түзүлгөн кружоктун иш планына ылайык өткөрүлүп, анын негизги максаты студенттердин дүйнө тарыхы боюнча теориялык билимдерин жыйынтыктоо жана тереңдетүү, тарыхый процесстерди илимий негизде талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, өз алдынча жана критикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу, ошондой эле тарых менен азыркы глобалдык процесстердин өз ара байланышын ачып көрсөтүү болуп белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер командалык форматта интеллектуалдык тапшырмаларды аткарып, тарыхый фактыларды талдоо жана илимий дискуссия жүргүзүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Мелдеш жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, катышуучулардын активдүүлүгү менен айырмаланды.
Жыйынтыгында, «Убакыт кербени: дүйнө тарыхына саякат» аттуу интеллектуалдык таймаш студенттердин дүйнө тарыхына болгон кызыгуусун арттырып, аналитикалык ой жүгүртүүнү жана илимий талкуу жүргүзүү маданиятын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту.