Haber

БҮТҮРҮҮЧӨЛӨР ҮЧҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШУУ БОЮНЧА СЕМИНАР-ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 11-февраль күнү ОшМУнун Карьера жана бизнес-өнөктөштүк сектору тарабынан Эл аралык билим берүү программалар колледжинин бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын семинар-тренинг өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — бүтүрүүчүлөргө жумушка жайгашууда зарыл болгон көндүмдөрдү үйрөтүү жана практикалык багыт берүү.

Семинарда төмөнкү темалар боюнча маалыматтар берилди:

  • Резюмени туура жазуу

  • Жумушту эффективдүү издөө ыкмалары

  • Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтүү жолдору

Мындан тышкары, төмөнкү кеңештер да берилди:

  • жумуш берүүчү менен туура жана маданияттуу мамиле түзүү;

  • алган билими менен токтоп калбастан, кошумча тилдерди үйрөнүү , компьютердик курстарга катышуу;

  • жаңы технологияларды билүү (Google Disk, булут сактагычтар ж.б.);

  • канчалык көп билим жана көндүмдөргө ээ болуу жумуш табууну тездетери белгиленди.

Кошумча маалымат алуу үчүн

Эгер бүтүрүүчүлөр семинарда айтылган материалдар менен кеңири таанышууну кааласа, ОшМУнун Практика жана карьера борборунун сайтына кирип, төмөнкү бөлүмдөрдү пайдалана алышат:

  • «Резюмени туура жазуу» бөлүмчөсү:
    https://proctice-career.oshsu.kg/pages/page/21090
    Бул жерден резюмени туура жазуу боюнча видеороликти көрүүгө болот.

  • Жумуш издөө боюнча презентацияны жүктөп алуу,

  • Резюменин даяр үлгүсүн көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

53 10:44 11-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 >|