2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү XXXIII спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары активдүү катышты.
Спартакиадага ректораттын, институттардын, факультеттердин жана колледждердин 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты. Мелдештер декабрь айы бою дем алыш күндөрү спорттун сегиз түрү боюнча өткөрүлдү: волейбол, баскетбол, футбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, аркан тартыш жана шахмат.