News

“ЖАМААТТЫК ДУХ- ЖЕҢИШТИН АЧКЫЧЫ!"

2025-жылдын 29-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында өткөрүлгөн XXXIII спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Спартакиадага ректораттын, институттардын, факультеттердин жана колледждердин 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты. Мелдештер декабрь айы бою дем алыш күндөрү спорттун сегиз түрү боюнча өттү: волейбол, баскетбол, футбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, аркан тартыш жана шахмат. Командалык эсепте: 1-орун – Экономика, бизнес жана менеджмент институту; 2-орун – STEM инновациялык колледжи; 3-орун – Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту; 4-орун – Индустриалдык-педагогикалык колледжи ээледи сыйлоо аземине ректор Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жана жамаат катышты. Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Байге фонду 240 миң сомду түздү. Спартакиада окутуучулардын ден соолугун чыңдоо жана жамааттык ынтымакты бекемдөө максатында жыл сайын өткөрүлөт.
76 11:15 11-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|