«Медицина биологиядан башталат» — билимге карай ишенимдүү кадам
03:23
12-02-2026
59
2026-жылдын 5-февралында Эл аралык медицина факультетинин ТИМ кафедрасынын окутуучулары тарабынан «Медицина биологиядан башталат» аталышындагы олимпиада ийгиликтүү уюштурулуп өткөрүлдү.
Илимий таймаш медициналык биология, экология жана паразитология дисциплинасынын алкагында өткөрүлүп, студенттердин теориялык билим деңгээлин калыптандыруу, тереңдетүү жана практикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатын көздөдү.
Олимпиадага биринчи курс студенттери активдүү катышып, өз билимдерин сынап гана тим болбостон, илимий изденүүгө болгон кызыгуусун жана аналитикалык жөндөмдөрүн да көрсөтө алышты. Иш-чара жаш медиктердин кесиптик калыптанышына өбөлгө түзүп, биология илиминин медицинадагы негизги ролун дагы бир ирет далилдеди.