ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары Казакстанда илимий стажировкадан өтүштү
08:18
12-02-2026
132
Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гульмира Жутанова жана Философия жана политология кафедрасынын профессору Омурзак Акматов М.Әуезов атындагы Түштүк Казакстан университетинин Илимий-изилдөө институтунун «Социалдык-гуманитардык илимдер» бөлүмүнүн расмий чакыруусу менен 2026-жылдын 9–12-февраль күндөрү илимий стажировкадан өтүп келишти.
2026-жылдын 2–28-февралы аралыгында уюштурулган 144 академиялык сааттык квалификацияны жогорулатуу программасы теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Программанын алкагында окутуучулар казакстандык кесиптештерге жана студенттерге лекция окуп, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен бөлүшүштү.
Гульмира Жутанова санариптик жана аралаш окутуу шартында студенттердин креативдүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары тууралуу баяндама жасаса, Омурзак Акматов адамологиялык аспектиде адамдын табияты, жүрүм-туруму жана коом менен болгон байланышы боюнча илимий көз караштарын сунуштады.
Ошондой эле алар «Тарых жана этнология» илимий борборунда өткөн «Илимий изилдөөлөрдөгү эл аралык байланыш» аттуу семинарга катышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштуу-педагогдорунун кызматташтыгын кеңейтүү, илимий-билим берүү мейкиндигин түзүү жана предмет аралык байланыштын сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Семинарда сунушталган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары «QAZAQTANÝ» илимий журналына этап-этабы менен жарыяланары белгиленип, стажировканын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Бул иш сапар эки университеттин ортосундагы илимий жана академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.