Жанылыктар

Теология факультетинде Бизнес парктын директору, э.и.к., доцент Камалов Эрлан Токтоназарович тарабынан маанилүү жана пайдалуу семинар-тренинг өткөрүлдү.

2026-ж. 12-февраль Теология факультетинде Бизнес парктын директору, э.и.к., доцент Камалов Эрлан Токтоназарович тарабынан маанилүү жана пайдалуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Стартап деген эмне? Идея кантип бизнеске айланат? Бизнести нөлдөн кантип баштоого болот? Ушул жана башка актуалдуу суроолорго катышуучулар тажрыйбалуу адис менен бирге жооп издешти. Тренинг практикалык мисалдарга, реалдуу тажрыйбага жана пайдалуу кеңештерге бай болуп, студенттердин ой жүгүртүүсүн кеңейтип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө багыт берди. Студенттер менен биргеликте активдүү талкуу жүрүп, суроо-жооп форматында мазмундуу пикир алышуу болду. Келечек кокусунан эмес, туура кадамдан башталат! Мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, ар дайым өнүгүүгө умтулалы!
83 10:46 12-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|