2026-жылдын 10-11-февралында Өзбекстан республикасынын Кокон университетинде “Низамий менен Навоийдин адабий мурасы: көркөм образ жана инсан философиясынын шайкештиги” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Турция, Азербайжан, Австрия, Кытай, Пакистан, Корея, Иран, Кипр, Тажикстан, Кыргызстан ж.б. 15тен ашуун өлкөлөрдөн белгилүү окумуштуулар, профессор-окутуучулар, изилдөөчүлөр катышышты.
Аталган конференцияга ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин табият таануу бөлүмүнүн окутуучулары Б. Апышова, Н. Сеитбековалар катышып, Навоийдин чыгармаларындагы сөз, тил маселелеринин чагылдырылышы боюнча мазмундуу баяндама жасашты.