News

ОшМУдагы ачык сабактар жана конкурстар тууралуу жаңылык

2019–2025-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетине кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек окутуучулардын ачык сабактарын кароо уланууда. 2026-жылдын 9–13-февраль күндөрү Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары (Турдуева Динара, Момунова Алина, Залова Аида, Нуруева Адинай) жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучулары (Абдиева Чынара, Гаас Анна, Садирбек кызы Үмүт, Мамат кызы Гүлзат, Бекеева Айпери, Курбанбекова Жанара) өздөрүнүн ачык сабактарын өткөрүштү. Сабактарга ОСМКБнын методисттери М. Нурмаматова жана О. Шаимкулова катышып, методикалык багытта байкоо жүргүзүштү. Ошондой эле ОшМУнун структураларында «Заманбап лектор-2026», «Заманбап окутуучу-2026», «Педагогикалык дебют-2026», «Заманбап СӨАИ чебери-2026», «Заманбап ОМК-2026», «Заманбап окуу басылмасы-2026» конкурстарынын экинчи туру башталды. Алгачкылардан болуп математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институттары, экономика, бизнес жана менеджмент институту, эл аралык медицина факультети жана финансы-юридикалык, медициналык колледждери старт беришти. 11-февралда алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатында ОСМКБ тарабынан уюштурулган МУУК платформасы боюнча семинар өткөрүлдү. ИСП кафедрасынын доценти Абдимиталип уулу Кубатбек ТТДТТАТИде кызыктуу жана жемиштүү окутуу семинарын өткөрүп берди. Иш-чарага медициналык колледждин профессор-окутуучулар курамы катышып, пайдалуу тажрыйба алышты.
55 11:40 13-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|