Haber

ОшМУга 2019-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек (ОСМКБнын протоколу жок) жаңы окутуучулардын ачык сабактарын кароо уланууда

2019–2025-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетине кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек (ОСМКБнын протоколу жок) окутуучулардын ачык сабактарын кароо уланууда. 2026-жылдын 9–13-февраль күндөрү Педагогика, искусство жана журналистика институтунун (Турдуева Динара, Момунова Алина, Залова Аида, Нуруева Адинай) жана эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин (Абдиева Чынара, Гаас Анна, Садирбек кызы Үмүт, Мамат кызы Гүлзат, Бекеева Айпери, Курбанбекова Жанара) окутуучуларынын сабактары болду. ОСМКБ тарабынан методисттер М. Нурмаматова, О. Шаимкулова катышышты. Ошондой эле ОшМунун структураларында ОшМУнун "Заманбап лектор-2026", "Заманбап окутуучу-2026", "Педагогикалык дебют-2026", "Заманбап СӨАИ чебери-2026", "Заманбап ОМК-2026", "Заманбап окуу басылмасы-2026" конкурстарынын 2-туру башталды. Алгачкылардан болуп математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар, экономика, бизнес жана менеджмент институттары, эл аралык медицина факультети жана финансы-юридикалык, медициналык колледждери башташты.
58 11:40 13-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|