Новости

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

12.02.2026-жыл мөөнөтүндө ОшМУнун ЭАББП колледжинде КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары тарабынан 15-февраль – Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Ооган ардагерлери Ооганстандагы аскер кызматы учурунда баштарынан өткөргөн окуяларды баяндап берүү менен жаштарды Мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышты. КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучусу Солтоев “Геосаясий абалдын тарыхы” деген темадагы баяндамасын учурга айкалыштыруу менен жасады. А.ч.и.к. Беккулов М.И., КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары- Абдибаитов М.Т., Жоробаев Б.Ш., Бакиров К.Ш., Садыкова М.Т., Ормонова А.Т., Ормоналиев К.О., Абдрахманова А.А. жаштарды патриоттуулукка үндөө менен иш-чаранын маани-маңызын ачып беришти. Талкуу учурунда студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилди. Жыйынтыгында Ооган согушу көптөгөн үй-бүлөөлөргө кайгы алып келген, миңдеген жоокерлердин тагдырын өзгөрткөн оор сыноо болгонун, мындай иш-чаралар жаш муундарды тарыхты билүүгө, мекенчилдикке, тынчтыктын баасын түшүнүүгө тарбиялай тургандыгын баса белгилөө менен жыйынтыкталды.
135 05:03 14-02-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|