Жанылыктар

2026-жылдагы предметтик олимпиаданын шаардык жана райондук баскычтарынын жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №1446/1 буйругунун негизинде , базистик окуу планында көрсөтүлгөн мектеп окуучулары үчүн предметтик олимпиаданын II (шаардык/райондук) баскычын өткөрүү максатында, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын (№ 01-6/6, 03.02.2026) , Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн (№ 1/64, 02.02.2026) , Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн (№ 01-01-5/40, 03.02.2026) жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн (№ 296, 06.02.2026) каттарына ылайык, калыстар тобунун курамына ОшМУнун окутуучулары тартылды. 2026-жылдын 11–12-февраль күндөрү олимпиаданын ишине төмөнкү окутуучулар катышты: • Ош шаары боюнча: информатика предметинен окутуучу С. Карабаев, математика предметинен доценттер Г. Ободоева жана Э. Мамазиаева, физика предмети боюнча окутуучулар Бекжан кызы Гүлайым жана Калидин кызы Тойжан. • Ноокат району боюнча: математика предметинен окутуучу М. Жолдошбаев, доценттер Г. Борбоева жана А. Абдилазизова, физика предмети боюнча доценттер М. Калбекова, М. Осконбаев жана А. Орозбаева. • Алай району боюнча: математика предметинен улук окутуучулар К. Төлөбаева жана физика предметинен А. Эгемназарова. Аталган олимпиада мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатууга, предметтерге болгон кызыгуусун арттырууга жана таланттуу жаштарды аныктоого багытталган.
236 08:29 14-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|