News

23-феврль ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Билярд.

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулуучу спорттун бильярд түрү боюнча турнирге мыктыларды тандоо мелдеши медицина факультетинин жамаатынын арасында 14-февраль күнү «Классик» бильярд клубунда болуп өттү. Мелдеш эки жаш курактык категорияда уюштурулду: 45 жашка чейинкилер (45-) 45 жаштан жогоркулар (45+) Иш-чаранын максаты — факультет кызматкерлеринин жана окутуучуларынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана алдыдагы университеттик турнирге күчтүү оюнчуларды тандоо болду. Турнир жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар активдүүлүгүн көрсөтүштү. 45 жашка чейинкилер арасында: 1-орунду Токтосунов А.С. 2-орунду Аринбаев Б.С. 45 жаштан жогоркулар арасында: 1-орунду Жаңыбай у Ж. 2- орунду Миңбаев З. багындырышты жеңүүчүлөргө алдыдагы турнирге ийгиликтерди каалайбыз. Уюштуруучу медицина факультетинин профбюросунун төрагасы Мамыров Н.А.
155 02:35 16-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|