23-феврль ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Билярд.
02:35
16-02-2026
154
Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулуучу спорттун бильярд түрү боюнча турнирге мыктыларды тандоо мелдеши медицина факультетинин жамаатынын арасында 14-февраль күнү «Классик» бильярд клубунда болуп өттү.
Мелдеш эки жаш курактык категорияда уюштурулду:
45 жашка чейинкилер (45-)
45 жаштан жогоркулар (45+)
Иш-чаранын максаты — факультет кызматкерлеринин жана окутуучуларынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана алдыдагы университеттик турнирге күчтүү оюнчуларды тандоо болду. Турнир жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар активдүүлүгүн көрсөтүштү.
45 жашка чейинкилер арасында:
1-орунду Токтосунов А.С.
2-орунду Аринбаев Б.С.
45 жаштан жогоркулар арасында:
1-орунду Жаңыбай у Ж.
2- орунду Миңбаев З.
багындырышты жеңүүчүлөргө алдыдагы турнирге ийгиликтерди каалайбыз.
Уюштуруучу медицина факультетинин профбюросунун төрагасы Мамыров Н.А.