Мыкты окутуучу – 2026: Кытай тили кафедрасынын ачык сабагы
10:13
16-02-2026
202
2026-жылдын 16-февралында факультетибиздин Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Таштанова Мээримбү Махмуджановна кесиптик кытай тили дисциплинасы боюнча «你家有几口人?» («Үй-бүлөңүздө канча киши бар?») темасында "Мыкты окутуучу - 2026 конкурсунун 2-туруна катышып, үлгүлүү ачык сабак өтүп берди.
Сабак жогорку методикалык деңгээлде уюштурулуп, окутуучунун усулдук тактыгы жана чыгармачыл мамилеси айкын көрүндү. Ар бир этап пландаштырылып, студенттердин активдүү катышуусуна жана тилдик көндүмдөрүн өркүндөтүүсүнө шарт түзүлдү.
Сабакта студенттер грамматика, угуу, окуу, сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн ийгиликтүү үйрөнүштү.
Ошондой эле студенттердин кызыгуусун арттыруу максатында Kahoot платформасы аркылуу интерактивдүү оюн уюштурулуп, катышуучулар топторго бөлүнүп өз ара атаандаштыкта иштешти. Бул ыкма алардын ой жүгүртүүсүн, ыкчамдыгын жана командалык кызматташуусун чыңдады.
Таштанова Мээримбү Махмуджановнанын өткөн ачык сабагы максатына толук жетип, студенттердин тил үйрөнүүгө мотивациясын жана коммуникативдик жөндөмдөрүн бекемдөөгө зор салым кошту.
Эжекебизге мындан аркы ишинде чоң ийгиликтерди, бекем ден соолук жана жаратмандык дем каалайбыз!