News

Теология факультетинде эл аралык кызматташтыктын алкагында Андижан мамлекеттик университетинин окутуучуларына квалификацияны жогорулатуу курсу башталды(16.02.26)

2026-жылдын 16-февралында Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде эл аралык кызматташтыктын алкагында Андижан мамлекеттик университетинин окутуучуларына «Диний баалуулуктар жана маданияттар аралык байланыштар» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу башталды. Курстун төмөнкүдөй максаттарды көздөйт: - Катышуучулардын диний баалуулуктар боюнча теориялык билимин системалаштыруу жана тереңдетүү, дүйнөлүк жана аймактык диндердин негизги түшүнүктөрүн, принциптерин жана алардын коомдук турмушка тийгизген таасирин илимий негизде талдоого үйрөтүү. - Маданияттар аралык коммуникациянын заманбап ыкмаларын өздөштүрүү, диний жана маданий ар түрдүүлүк шартында конструктивдүү диалог жүргүзүү, конфликттердин алдын алуу жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүү боюнча практикалык компетенцияларды калыптандыруу. - Кесиптик ишмердүүлүктө толеранттуулукту жана этикалык жоопкерчиликти бекемдөө, диний баалуулуктарды урматтоого негизделген социалдык туруктуулукту, жарандык ынтымакты жана коомдук гармонияны өнүктүрүүгө багытталган ыкмаларды колдонууга даярдоо. Курстун көлөмү 144 саатка ылайыкталып, анын программасы дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасында иштелип чыккан. Курсту өтүү үчүн кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тартылууда. Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан сертификат берилет.
40 10:42 16-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|