Теология факультетинде “Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө” карата мазмундуу жана тарбиялык мааниси зор иш-чара өткөрүлдү.( 17.02.26)
10:31
17-02-2026
22
Бүгүн, 2026-жылдын 17-февралында Теология факультетинде “Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө” карата мазмундуу жана тарбиялык мааниси зор иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында ар түрдүү тилдер — кыргыз, түрк, араб, англис жана башка тилдер камтылып, студенттер өз өнөрлөрүн жана тилге болгон урмат-сыйын көрсөтүштү.
Майрамдык программада 1-2 жана 3-курстун студенттери тарабынан мазмундуу жана таасирдүү көрүнүштөр аткарылып, ар бир курс эне тилдин баалуулугун өзгөчө чыгармачылык менен чагылдырып беришти.
Ошол эле учурда иш-чаранын негизги басымы мамлекеттик тилибиз — кыргыз тилинин мааниси, улуттук баалуулугу, руханий мурастары жана коомдогу орду тууралуу баяндамаларга жана чыгармалар жасалды.
Эне тил — улуттун жүзү, маданиятынын күзгүсү жана келечек муунга калчу баалуу мурас.
Тилибизди сактоо — бул улутту сактоо.