Рубрика "Слово ректора"

ОшМУда ачык асман алдындагы тренажердук аянттар ачылат

Түркияга ким барса көргөн. Шаардын парктарында, скверлеринде, окуу жайлардын алдында бардык адамдар машыгуучу, ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк берген заманбап спорттук жабдыктардан, каражаттардан турган ачык асман алдындагы спорттук аянтчалар болот. Ал жерде каалаган адамдар, каалаган мезгилде машыгып сергек жашоого, дени сак болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мен муну Түркияда, Кытайда көрүп, бизде да ушундай жерлер болсо деп кыялданчумун, анан аракетке өтүп, ТИКАга-Түрк Ишкерлеринин Кызматташтык уюмуна долбоор жазып, сунуш бердик.

Кыялдарыбыз орундала турган болуп калды.

ТИКА көмөктөшүүгө макул болуп, келишимге жетиштик. Азыр жакынкы күндөрү ОшМУнун 5 жерине (окуу корпус, жатаканаларга) Түркиялык моделдеги өтө бекем спорттук жабдыктар келет жана бул заманбап спорттук аянтчаларды ишке беребиз деп турабыз. Максатыбыз студенттерибиз, окутуучу-кызматкерлерибиз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышса деген тилек.

7340 14:52 09-03-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|