ПИжЖИнин журналистика адистигинин студенти шаардык сынакта баш байгени жеңди
07:07
18-02-2026
12
16-февралда ОшМУнун базасында «Ата Мекен – Ыйык мурас» аттуу музыкалык-патриоттук кароо-сынак өттү.
Сынакка шаардагы жогорку окуу жайлардан 17 жаштан 30 жашка чейинки 25 таланттуу студенттер катышты. Катышуучулар кыргыз тилиндеги патриоттук ырларды жандуу үн менен аткарышып, чеберчилиги жана сахна маданияты боюнча бааланды.
Жыйынтыгында журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Курманжан Эркинбек кызы «Ала-Тоо» чыгармасын аткарып, биринчи орунду жана Раатбек Төрөгелдиев кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Жеңүүчүлөр диплом, баалуу белектер жана ыраазычылык кат менен сыйланды.
Иш-чара 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан уюштурулду.