12-февральда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасында "Дуалдык окуу" маселесин ишке ашыруу максатында аталган кафедранын окутуучу, көмөкчү персоналдар, студенттер, магистранттар жана Кыргызстандын көрүнүктүү агрономдору ... менен талкуулоо жүргүзүлдү. Талкууда замандын талабына ылайык агрономдордун бакалавр менен магистратурадагы жаңы түзүлгөн стандарттары, окуу пландары талкууланып, аларды ишке ашыруу механизмдери шайкеш келээри анализденди. Ошондой эле, студенттердин иши үчүн акы төлөө маселелери айтылды. Мисалы ...чарбасында гибриддештирүүнү туура өздөштүргөн студент бир күндө 1200 сом маяна табуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленди.https://youtu.be/lPf27YToRwc











