Новости

Кыргыз-Кытай факультетинде китеп күнүнө арналган китеп окуу сынагы өттү

2026-жылдын 15-февралында Кыргыз-Кытай факультети китеп күнүнө карата Жароокерим аттуу чыгарма боюнча китеп окуу сынагын өткөрдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, ой жүгүртүүсүн кеңейтүү жана окуу маданиятын өнүктүрүү болду. Сынакка факультеттин ар кайсы курсундагы студенттер катышып, чыгарма боюнча терең талдоо, мазмунду түшүндүрүү жана каармандарга баа берүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Катышуучулар китептен алган таасирлерин бөлүшүп, автор көтөргөн ойлор тууралуу талкуулашты. Акырында мыкты окуган жана мазмунду эң жакшы ачып берген студенттер ар кандай номинациялар боюнча сыйланды. Иш-чара жыл сайын салттуу түрдө өтүп, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
15 08:01 18-02-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|