Новости

Журналистика кафедрасынын өкүлдөрү аймактык «МедиаТалкуу» жолугушуусуна катышты

2026-жылдын 17-февралында ПИжЖИнин журналистика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Ош шаарында өткөн «МедиаТалкуу» ачык жолугушуусуна катышышты. Иш-чаранын алкагында журналистика кафедрасынын окутуучулары, аймактык журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттер менен биргеликте төмөнкү актуалдуу темаларды талкуулашты: Медиа этика жана стандарттар: Заманбап журналистикадагы кесиптик жоопкерчилик. Аймактык демилгелер: Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн чагылдыруудагы медианын ролу. Окутуучулар үчүн бул жолугушуу тажрыйба алмашуу аянты болсо, студенттер үчүн теориялык билимин практикалык чөйрө менен айкалыштырууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Иш-чара Кыргызстандын медиа Платформасы тарабынан уюштурулуп, катышуучулар эркин баарлашуу форматында жаңы идеялар менен бөлүшүштү.
11 08:21 18-02-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|