Жанылыктар

Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик

Бүгүн 18-февраль күнү "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу программасы боюнча ОшМПУда жыйын болуп өттү. Жыйын КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Сулайман Кайыпов жана журналист, улуттук насааткер Шахзада Авсаматованын катышуусунда өткөрүлдү. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу – бул улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды тарбиялоону максат кылган руханий-маданий багыт. Мына ушундай көз караштарды толуктап ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин студенти Неематова Аяна студенттер жана окутуучулар менен биргеликте түзүлгөн "Инсаният" клубунун түзүлүшү, ишмердүүлүгү менен тааныштырды. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу – бул руханий жаңылануу менен интеллектуалдык өсүүнүн биримдиги. Улуттун деми күчтүү болсо, анын бийиктиги да дүйнөлүк деңгээлге жетери шексиз. Жаштар биздин келечегибиз!
8 03:28 19-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|