Жанылыктар

Жалпы ыраазычылык билдирүү

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун профсоюз уюму тарабынан мугалимдерге жана студенттерге атайын спорттук формалар сатылып алынды.

Бул саамалык окуу жайда спорттук иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет. Жаңы спорттук формалар машыгуу учурунда, мелдештерде жана ар кандай спорттук иш-чараларда мугалимдер менен студенттердин бирдиктүү команда катары чыгышына шарт түздү.

Демилге институттун ынтымагын бекемдеп, командалык рухту көтөрүүгө жана окуу жайдын аброюн арттырууга өбөлгө болууда. Мындай колдоо мугалимдерге жана студенттерге чоң дем-күч берип, жаңы спорттук жетишкендиктерге шыктандырат.

Институттун профсоюз уюмунун бул иш-аракети жамаат тарабынан жогору бааланып, ыраазычылык менен кабыл алынды. Мугалимдер жана студенттер атынан көрсөтүлгөн жардам жана камкор мамиле үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындан ары да билим берүү жана спорт тармагында ийгиликтүү иштер уланып, жаңы жетишкендиктер жарала берет деген ишенимдебиз.

7 03:43 19-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|