STEM инновациялык колледжинде ата-энелер менен тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.
04:03
19-02-2026
7
2026-жылдын 17- февралында STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо" , "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо" адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдо төмөндөгү маселелер каралды.
1. Окуу пландар жана мамлекеттик стандарттар боюнча.
2. MyEDU программасынын иштөөсү
3. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери.
4. Окуу тарбиялык иштер боюнча.
5. Ата-эне менен колледждин кызматташуусу.
6. Ар түрдүү маселелер
Бул иш-чаранын аягында окууда жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.