Урматтуу студенттер!
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиаданын 3-турун уюштуруп жаткандыгын билдирет. Олимпиаданын максаты — студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, математикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо.
Катышуучулар: 9-класстын базасында кабыл алынган колледждин 1-курсунун студенттери
Форматы: Жеке таймаш
Өтүлүүчү күнү: 27-февраль 2026-жыл
Өтүлүүчү жайы: Индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы
ОшМУнун колледждик деңгээлиндеги олимпиададан 1-2-3-орундарды ээлеген студенттерин активдүү катышууга чакырабыз!
Өз билимиңизди сынап, жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз!
Сиздерди күтөбүз!
Олимпиадада 1-2-3-орундарды ээлеген студенттер дипломдор менен сыйланышат жана олимпиаданын кийинки туруна жолдомо алышат. Олимпиаданын кийинки туру март айында, Ош шаарындагы колледждер арасында өткөрүлөт.