Урматтуу студенттер!
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиада уюштуруп жаткандыгын билдирет.
Олимпиаданын максаты — студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, математикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо.
Катышуучулар: 9-класстын базасында кабыл алынган колледждин 1-курсунун студенттери
Форматы: Жеке таймаш
Өтүлүүчү күнү: 27-февраль 2026-жыл
Өтүлүүчү жайы: Индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы
Бардык каалоочу студенттерди активдүү катышууга чакырабыз!Өз билимиңизди сынап, жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз!Сиздерди күтөбүз!