Жанылыктар

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Ош шааарында

2026-жылдын 18-февраль күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын негизинде Ош шаарында сонун иш-чара уюштурулду. Аталган жолугушуу кечесине ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Маданова Кызбурак Жапаровна да активдүү катышып, уюштуруу тобунда болду. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынан улуттук насааткер, тарых илимдеринин доктору , профессор, этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевич жана улуттук насааткер, журналист, унгужолду онлайн уктуруусунун таратылышын негиздеген жана салымын кошкон Шахзада Абсаматова баштаган жоон топ келип, нарктуу кептерин айтып кетишти. Бул иш-чарада уюткулуу кыргыз элибиздин улут катарында сакталып калуусу үчүн, жаркын келечегибиз үчүн тирек, шам чырак, таяныч болгон уңгужол тууралуу ар түрдүү чөйрөдөгү окумуштуу жана студенттерибиз менен талкуу болду.

5 07:19 19-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|