«Бажы иши» адистигинин негизги билим берүү программасына өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу
07:43
19-02-2026
20
Ош мамлекеттик университетинин Тарых-жана юридика институтунунда 2026-жылдын 17-февраль күнү криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши кафедрасы тарабынан уюштурулган 530004 «Бажы иши» адистигинин негизги билим берүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу болуп өттү. Талкууга Тарых жана юридика институнун директору, ю.и.д., профессор Кулдышева Г.К. Ош бажысынын кызматкерлери Сүйүтбеков Э.С. жана Махмуд кызы А., кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын башчысы Токторов Э.С., криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши кафедрасынын окутуучулары жана студенттер катышты. Талкууда ОшМУнун 2025-жылда кабыл алынган 530004 «Бажы иши» адистигинин стандартынын негизинде, бажы ишин жөнгө салуудагы өзгөрүүлөрдү эске алып негизги билим берүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.